Жээнбеков кыргыз-швейцария биргелешкен ишканасын түзүүгө чакырды

Сооронбай Жээнбеков Швейцариядагы сапарында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 10-июлда Швейцариянын Берн шаарында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүм экспорттоону кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштар колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбегенин жана Кыргызстан «ВСП+» макамынын базасында Швейцария менен кызматташууга кызыгаарын айтты. Ал Кыргызстан Швейцариянын рыногуна экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба өндүрүмүн, кийим-кече жана бут кийим, ошондой эле азем буюмдарды чыгарууга даяр экенин кошумчалады.

- Кыргызстан менен Швейцариянын айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен кайра иштетүүчү ишканаларынын ортосунда түз байланыш түзүү маанилүү. Бир гана тоскоолдук - бул сертификациялоо инфратүзүмүнүн жана кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Ошондуктан Кыргызстанда биргелешкен ишканаларды, логистикалык борборлорду жана сапаттуу лабораторияларды түзүүгө чакырам, - деди Жээнбеков.

Мындан сырткары ал ири жана чакан ГЭСтерди куруу аракеттерин бириктирүүнү сунуш кылды.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга «Herculis Partners», «ABB Schweiz», «Tatneft Europe», «OBVIAM Investing for Impact», «Blue Orchard Finance», «Integral Petroleum», «SICPA», «Switzerland Tourism» сыяктуу ири компаниялардын, ошондой эле Швейцариянын Бириккен соода палатасынын, Швейцариянын Экономикалык иштер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) жетекчилери, өкүлдөрү жана башкалар катышты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча инвестиция тартуу, туризм, саламаттык сактоо тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Сооронбай Жээнбеков 9-июлдан бери Швейцарияда расмий сапар менен жүрөт. Анын сапары бүгүн аяктайт. (КЕ)