Маркум Молдакун Абдылдаевдин жубайынын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жайыл районундагы Көкөмерен дарыясынан өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы, маркум Молдакун Абдылдаевдин аялы Тинатин Шадыканованын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, сөөк бүгүн, 10-июлда кечки саат 17.20 чамасында Көкөмерен дарыясынан, Арал айылынан ылдый тарапты көздөй 2 чакырым аралыктан табылды. Учурда маркумдардын 26 жаштагы уулун издөө иштери уланууда.

Абдылдаев, анын аялы, баласы жана 8 жаштагы небереси, айдоочусу түшкөн автоунаа 30-июнда Суусамырга Кожомкулдун 130 жылдыгына бараткан учурда кырсыкка кабылып, Көкөмерен дарыясына агып кеткен. 2-июлда Молдакун Абдылдаев менен анын айдоочусунун, 4-июлда небереси Сафиянанын сөөктөрү табылган. Калган экөө изделип жаткан.

Молдакун Абдылдаев менен небереси 6-июлда жерге берилди. Ага чейин айдоочу акыркы жайга узатылган.