Кытайдагы нөшөрдөн бир жарым миллион киши жапа чекти

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 77 миллион киши коопсуз жерлерге көчүрүлгөнүн маалымдады.

Кытайдын чыгыш жана түштүк бөлүктөрүндө нөшөрдүн айынан бир жарым миллион киши жапа чекти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 77 миллион киши коопсуз жерлерге көчүрүлгөнүн маалымдады. Катуу жаан-чачын 126 миң гектар айдоо аянттарына зыян келтирди. 1 миң 600 турак жай урап калды. Экономикалык чыгым 377 миллион долларга бааланууда.

Нөшөрдөн улам айрым дарыяларда суу кооптуу деңгээлге көтөрүлүп, ал аймактарга куткаруучулар жана башка адистер, кайыктар жөнөтүлдү.