ТИМ Түркиядагы кыргызстандыктын өлүмү боюнча иликтөөнү көзөмөлгө алат

Илююстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Алания шаарында киши колдуу болгон кыргызстандык тууралуу маалымат таратты. Анда Стумбулдагы башкы консулдук сөөктү мекенине жөнөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы, «Пегасус Азия» аваикомпаниясы менен «Стамбул-Бишкек» маршруту аркылуу сөөктү бекер алып келүү макулдашылганы белгиленген.

7-июлдун таңында Анталия аймагынын Алания шаарында 23 жаштагы кыргызстандык Муктарбек Иманалиевдин жерде кыймылсыз, канга чыланып жатканын жергиликтүү каналдар маалымдаган. Аланиянын башкы прокуратурасы окуя боюнча кылмыш ишин козгоп, шектүү 40 жаштагы А.Й.ни кармашкан. Суракта шектүү жаран кыргыз жигит менен пикир келишпестиктен улам уруша кеткенин айткан. Учурда каза болгон кыргызстандык мигранттын сөөгү Анталияда соттук-медициналык экспертизанын моргунда кармалууда. ТИМ ишти тергөө-иликтөө көзөмөлгө алынганын билдирүүдө.

Расмий маалымат боюнча Түркияда 25 миңден ашуун кыргызстандык каттоодон өткөн. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.

2018-жылы Түркиядан Кыргызстанга 15тей «Жүк 200» жөнөтүлгөн. (КЕ)