ӨКМ: Сууга чөгүп каза тапкандар былтыркыдан көп болууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сууга чөгүп каза болгондор көбөйүүдө. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдар кызматынын башчысы Урмат Шамырканов билдирди.

Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери өлкөдө 70 адам сууга чөгүп кетти, былтыр 55 болгон.

Шамырканов белгилегендей, алардын көбү жайкы эс алуу маалы башталганы каза болушту:

- Жайкы сезон башталганы былтыр 31 адам болсо, быйыл 43. Былтыркыга караганда быйыл 12ге көп.

Адистин айтымында, мурда эс алуунун бул түрүнүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында атайын комиссия түзүлүп иштечү, бирок быйыл андайга эки жылга мораторий жарыяланды.

“Демек, бүгүн бир да пансионат, эс алуу жайы текшерүүдөн өткөн жок. Бирок биз алардын өзүлөрүнүн суучул, куткаруучуларын даярдап, окутууга жардам берип жатабыз” деди Шамырканов.

Бүгүн 9-июлда эле Ысык-Көлдө үч адам сууга чөгүп кетти. (BD)