Исаков менен Карыбаева музейди оңдоодо жемкорлукка барбаганын айтышты

Мира Карыбаева. Сүрөт 2017-жылы тартылган.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейинин жана Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу козголгон кылмыш иши каралып жатат.

Мамлекеттик айыптоочу президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекетке ири суммада чыгым келтиргенин айтты.

Карыбаева эмне себептен ага «Коррупция» беренеси боюнча айып коюлганына түшүнбөй жатканын, келишим түзүү жана каржы маселелерин чечүүгө эч тиешеси болбогонун, коюлган күнөөнү мойнуна албай турганын билдирди.

Ушундай эле айып мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковго да коюлган. Аны мамлекеттик бюджетке ири чыгым алып келген жана пайда көрүү үчүн жеке кызыкчылыгы бар компания менен коррупциялык система түзүүнү көздөгөн деп күнөөлөп жатышат.

Исаков муну саясий мотиви бар кылмыш иши жана бийликтин буйругу деп атады. Ал өзүнүн кызматтык милдетин так аткарганын, айыптоого макул эмес экенин билдирди жана коюлган күнөөнү мойнуна албай турганын айтты.

Айыпталуучулардын адвокаты Нурбек Токтакунов Карыбаева да, Исаков да айып түшүнүксүз деп көрсөтмө бергенин билдирди.

- Себеби ар бир кызматкер өзүнүн иш милдети үчүн жооп берет.

Судья Айбек Эрнис уулу төрагалык кылган соттук жараян 28-майда башталган. Соттун жүрүшүн видеого тартууга тыюу салынган.

Башкы прокуратура музейди оңдоодо коррупцияга жол берилип, мамлекеттик бюджет 101,6 миллион сом зыян тартканын билдирген.

Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу да айыпталып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында камакта отурат.

Кийинки сот отуруму 16-июлга белгиленди. (TSh)