Жемкорлор кайтарган акчанын бир бөлүгү мектеп салууга жумшалмай болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында мамлекетке кайтарылган акчанын эсебинен Чүйдөгү, Бишкектеги жана Оштогу 15 мектептин имаратына кошумча корпус куруш үчүн 799 млн. сом бөлүндү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жемкорлукка каршы күрөшүүдөн келип түшкөн каражат үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол койгон, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Буга чейин Булан институту мектептердин курулушу жана коопсуздугу боюнча изилдөө жүргүзгөн. Анда айтылгандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда, иш жүзүндө кооптуу абалда турган мектеп имараттары кыйла көп.

Республика боюнча 2262 мектеп бар. Кыргыз өкмөтү мамлекет 600дөй жаңы мектепке муктаж экенин белгилейт. (RK)