Германия Сирияга аскер жөнөтүү тууралуу АКШнын сунушун четке какты

Сирия.

Германия кургакта согушкан аскерлерин Сирияга жөнөтүү тууралуу АКШнын сунушун аткарбайт. Бул тууралуу немис өкмөтүнүн өкүлү Штеффан Зайбер 8-июлда маалымдады. Ал «расмий Берлин буга чейинки милдеттенмелерин аткарып, Иорданиянын аймагындагы абадан чалгындоо иштерин уланта берет», деп билдирди.

Зайбер «Ислам мамлекети» террорчул уюмуна каршы бириккен коалициянын өкүлдөрү жакынкы күндөрү жолугуп, андан аркы аскердик жана башка иштерди талкуулап алышы керек экенин кошумчалады.

Немис парламентинде Сирияга аскер жөнөтүү демилгесин оппозициялык да, өкмөтчүл фракциялар да колдогон эмес. Мунун алдында АКШ өкмөтүнүн Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жеффри Германияны Сирияга аскер жөнөтүүгө чакырган. Алар кайсы бир аймактарда америкалык аскерлерди алмаштырса болорун айткан.

Былтыр жыл аягында АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан америкалык аскерлер чыгарыларын билдирген. Кийинчерээк чечимин аздыр-көптүр өзгөрткөн. Бул маселеде Ак үйдө пикир келишпестик чыккан жана Пентагондун жетекчиси Жеймс Мэттис кызматтан кеткен.