Ооганстанда жанкечтинин жардыруусу 12 кишинин өмүрүн алды

Газни шаарындагы жардыруу болгон жер. 7-июль, 2019-жыл.

Ооганстандын расмий бийлиги билдиргендей, Газни шаарындагы жанкечтинин жардыруусунан кеминде 12 киши мүрт кетип, жарадарлардын саны 180 кишиден ашты. 7-июлда болгон жардыруу үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды.

Оор жарадарлар баш калаа Кабулдун ооруканаларына жиберилди.

Ушул эле Газниде бир күн мурда мечитте болгон жардыруудан 20га чукул адам жаракат алган. Ал чабуул үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өз мойнуна алган.

7-июлда Катардын баш калаасы Дохада Ооганстандагы жарандык согушту токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы башталды. Ага «Талибан» кыймылынын 17 өкүлү, ондогон саясий ишмерлер катышып жатышат. Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү жыйынга келишкен жок.