Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы дүйнө салды

Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин апасы Жеңилдик Абылгазиева 86 жашында дүйнө салды.

Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдиргендей, ал оорудан улам 7-июлда жашоо менен кош айтышты.

Жеңилдик Абылгазиева Бишкекте уулу Мухаммедкалый Абылгазиев менен жашаган.

«Азаттык» радиосунун жамааты маркумдун жакындарына көңүл айтат.