Могерини: Борбор Азия өлкөлөрү менен мамиле ЕБ үчүн маанилүү

Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков.

Бүгүн, 6-июлда Евробиримдиктин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жолугушту.

- Кыргызстан эгемендик алганда Евробиримдик мамлекетти түптөө аракетин колдоого алган. Сиздердин демократиялык баалуулуктарга умтулган кадамыңыздарды кубаттайбыз. Демократия толук орношу үчүн көп нерсе ишке ашуусу керек жана бул жаатта аракеттерди токтотпоо зарыл. Евробиримдик Кыргызстандын демократиялык коомду куруу аракетине өнөктөш, - деди Могерини.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Евробиримдиктин парламенттик тажрыйбасы абдан маанилүү экенин кошумчалап, Могерининин сапарын "тарыхый" деп атады.

6-июлда эки тараптын ортосундагы жаңы кызматташтык келишими боюнча сүйлөшүү аяктады. Анда Евробиримдик менен 1999-жылы кол коюлган буга чейинки келишим жаңыланып, учурдагы шартка ылайыкташкан.

Жаңы келишимде саясат, демократия, укуктун үстөмдүгү, адам укуктары, сөз эркиндиги сыяктуу баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруу камтылган.

Ал эми тышкы саясат жана коопсуздук тармагында аймактагы туруктуулукту сактоо, чыр-чатактардын алдын алууда биргеликте аракет көрүү келишимде каралган. (BkA/ST)