Базар-Коргондо кызматкерин аткан Тарыхчиев кесилди

Эмилбек Тарыхчиев.

"Кызматкерин травматикалык тапанча менен аткан" деп айыпталган Базар-Коргон райондук Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Эмилбек Тарыхчиев тогуз жыл, алты айга кесилди.

Чечимди Базар-Коргон райондук соту 27-июнда чыгарганын жабырлануучу Таалай Исаев “Азаттыкка” билдирди. Маалыматты райондук соттон да тастыкташты.

Эмилбек Тарыхчиев 2015-жылдын ноябрь айында кол алдында иштеген бөлүм башчысы Таалайбек Исаевди травматикалык тапанча менен төрт жолу атканы кабарланган. Ок жабырлануучунун башын жарып, кулагы менен колун айрып кеткен. Тарыхчиев камакка алынып, окуяга тиешеси бар эки кызматкер жумуштан бошотулган.

Райондук жана облустук соттун чечими менен ал үч жылга эркинен ажыратылган. Андан соң президенттин жарлыгы менен мунапыс аркылуу жазадан бошотулган. Тарыхчиев өзүн күнөөсүз деп эсептерин айткан.

Ал 2017-жылдын август айында Мамлекеттик кадр кызматынын сынагынын негизинде Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары болуп дайындалган. Айыл өкмөт башчысы убактылуу иштен четтетилгендиктен, район акиминин буйругу менен бир жылдай Тарыхчиев айыл өкмөт башчысынын милдетин аткарган.

Жабырлануучу Таалайбек Исаевдин өткөн жылы президентке жазган кайрылуусун өлкө башчысы Коопсуздук кеңешине тапшырган. Коопсуздук кеңеши Эмилбек Тарыхчиевдин соттогу мурдагы иштерин карап чыгып, укуктук баа берүү жагын прокуратурага жиберген болчу.

Эмил Тарыхчиев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо КСДПнын аймактагы штаб жетекчиси болуп иштеген. (RsK)