Индонезия эл аралык таштандыдан баш тартууда

Таштанды. Иллюстрациялык сүрөт.

Индонезия бийлиги Европа өлкөлөрүнөн келген негизинен желим таштандылар толтурулган ондогон контейнер артка кайтарыларын билдирди.

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттери эл аралык таштандылар чогултула турган полигон болуудан баш тартып жатышат.

Индонезияга желим таштандылар АКШ, Австралия, Германия, Франция жана Гонконгдон келет. Өткөн айда Жакарта АКШдан келген беш контейнерди артка кайтарган. Кытайдын 2018-жылы чет өлкөлөрдөн желим таштандынын импорттолушуна тыюу салган чечиминен кийин өнүккөн мамлекеттер аны кайда алып барарын билбей убара. Андан бери таштанды негизинен Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттерине жөнөтүлүп келген. Быйыл майдан тарта Малайзия кабыл алуудан баш тартты. Ал эми Филиппиндер Канадага 70ке чукул контейнерди артка кайтарды.

Эл аралык табият фондунун маалыматына ылайык, жыл сайын дүйнөдө 300 тонна бир жолу колдонууга жарай турган пластик буюм-тайымдары чыгарылат. Алардын көбү таштандыга кетет.