Сот Салянованы абакта калтырды

Аида Салянованын тарапташтары соттун чечимине нааразы болуп паралмент имаратынын алдына чыгышты. 5-июль, 2019. Бишкек.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 5-июлда камактагы экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны абакта калтырды. Сотко Салянованын өзү алынып келген жок. Жактоочу аны менен кечээ жолугуп чыкканын, ден соолугу начарлап, дем ала албай калып жатканын белгиледи.

Салянованын жакындары жана тарапташтары соттун чечимине нааразы болуп, парламенттин алдына келишти. Алар мурдагы баш прокурор “Убактылуу тергөө абагында (СИЗО) мыйзамсыз отурганын” белгилеп жаташат.

Буга чейин Биринчи май райондук соту Салянованы 26-августка чейин камакта калтырган чечим чыгарган.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

15-июнда саламаттыгынан улам ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра тергөө абагына жеткирилген. (TSh/КЕ)