Минск: салют маалында бир аял каза болду

Кырсык болгон жер. Минск.

Минскиде эгемендик күнүнө арналган майрамдагы салют маалында бир аял каза болду, сегиз киши жабыркады. Күбөлөр шаардын борборунда кеминде эки жарылуунун добушу угулганын айтып беришкен.

Тергөө комитетинин маалыматы боюнча Свислочь дарыясынын боюнда салютту карап турган 65 жаштагы аял жарадар болуп, көп узабай көз жумду. Бир нече киши медициналык жардам сурап кайрылышты.

Коргоо министрлиги менен Тергөө комитетинин биргелешкен комиссиясы окуянын себеби аныкталганын, кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын билдирди. Расмий эмес маалыматтарга ылайык, беларус аскерлери салют үчүн дүрмөттөрдү орусиялык компаниядан сатып алышчу, бирок дүрмөттөр Кытайда чыгарылган.