Орусия: кыргызстандык ишкердин өлүмүнө шектүүлөр кармала элек

Маркум Камчыбек Каримов.

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы, ишкер Камчыбек Каримовдун өлүмү «Киши өлтүрүү» беренеси менен иликтенип жатат. Шектүүлөр кармала элек.

Екатеринбург шаардык полициясынын маалыматына караганда, 2-июлда окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр күбөлөр суралып, кылмышка шектүүлөр изделип жатканы айтылды.

Маркумдун сөөгүнө медициналык экспертиза да жүргүзүлүүдө.

54 жаштагы Каримовду 2-июлда Екатеринбургдагы үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Анын ичине, бутуна ок тийип, «Тез жардам» келгенде каза тапкан. Маркумдун жанында ири суммадагы акча болгону кабарланууда.