Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев Атырау облусундагы Теңиз мунай кениндеги калайман мушташтын «негизги уюштуруучусу» деп шек саналган бир адам камакка алынганын, дагы бир топ адамга байланыштуу иликтеп-тергөө жүрүп жатканын билдирди. Ал кармалган жарандын тек-жайы тууралуу суроого жооп берүүдөн баш тартты.
Министрдин маалыматына караганда, «Адамдын денесине залал келтирүү», «Бейбаштык» беренелери менен бир канча кылмыш иши козголду.
Теңиз кенинде 29-июнда жергиликтүү жумушчулар чет өлкөлүктөргө кол көтөргөн, мунун айынан калайман мушташ чыккан. Анда 40тай адам жабыркаганы маалым болгон.
Жаңжалга ливандык жарандын колундагы рацияны казак кыздын оозуна туштап түшкөн сүрөтү себеп болгон. Нааразылыкка чыккандар жумуштагы шарт, айлык акыга байланыштуу теңсиздик тууралуу да даттанышкан.
Кенди иштеткен чет өлкөлүк компания казакстандыктардан кечирим сураган.