Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) чакырылды. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, ага мурда козголгон кылмыш ишинин негизинде 3-июлда күбө катары көрсөтмө берүүгө чакыруу жиберилген. Бирок кайсы кылмыш иш жөнүндө сөз болуп жатканы азырынча маалым эмес.
Кылычбек Султан 2018-жылдын декабрында Түштүк Кореяда элчи болуп турган кезинде элчиликтерде коррупциялык иштер бар экенин жарыялаган. Ал терс көрүнүштөр тууралуу Тышкы иштер министрлигине, УКМКга, президенттик аппаратка жазган каттарына жооп болбогондуктан, президентке ачык кайрылганын айткан. Ошондон кийин Султанов, мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кызматтан алынган.
Андан бери мурдагы элчи азыркы бийликтин дарегине сын айтып келатат.
2-июлда Кылычбек Султан мурдагы президентке тилектештик билдирип, Кой-Таш айылына чогулгандардын алдына барган жана Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан. (SE)