Министрлик ката жазылган аттестат боюнча жооп берди

Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестатындагы ката боюнча жооп берди. Мекеменин басма сөз катчысы Марина Греченая Нарын облусунун Кочкор районунда берилген 10 аттестатта ката кеткенин ырастап, алар алмаштырылып берилгенин «Азаттыкка» билдирди:

- Бул басмадан кеткен техникалык ката. Бизде жыл сайын көп эмес санда жараксыз аттестаттар чыгып калат. Аны директорлор жеринде эле алмаштырып беришет, мында чыгып кетиптир.

Ката жазылган аттестаттын сүрөтү социалдык тармактарга жарыяланган. Анда «окончила среднюю реднюю школу» деп жазылып калган.

Быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатында ката кеткени боюнча маселе буга чейин дагы көтөрүлгөн. Анда «н» тамгасынын ордуна «ң» жазылып калганы коомчулуктун сынына кабылган.

Быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрү үчүн 61 миң аттестат, 9-классты бүткөндөргө 98 миң күбөлүк даярдалды. Аны «Учкун» ачык акционердик коому басты. (КЕ)