Ливиянын борбору Триполи шаарынын четиндеги качкындар лагерине абадан урулган соккудан кеминде 40 киши өлүп, дагы 80и жарадар болду.
Ливиянын эл аралык коомчулук тааныган өкмөтү чабуул үчүн фелдмаршал Халифа Хафтардын күчтөрүн айыптады жана Бириккен Улуттар Уюмун (БУУ) окуяны терең иликтеш үчүн комиссия түзүүгө чакырды.
Маалыматка караганда, өлгөндөрдүн көбү Африкадан ооп келген, андан ары Европага бет алууну көздөгөн мигранттар болгон.
Кийинки убакта Ливия мындай мигранттар сапарын андан ары улаш үчүн топтоло турган жайга айланып калган.
Фелдмаршалдын өкүлү качкындар борборуна сокку урулганын четке какты. Бирок дүйшөмбү күнү командачылык ал чөлкөмдү бомбалоого даярдык көрүлүп жатканын билдирген.
Хафтарга баш ийген, өздөрүн Ливиянын улуттук армиясы деп атаган аскерлер апрелде баш калаа Триполиге карай жыла башташкан. Сокку болгон аймакта салгылашуулар жүрүп жаткан.
2011-жылы Ливияда Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылгандан кийин бир топ куралдуу күчтөр өлкөгө үстөмдүк кылууга аракет кылып келет. Алардын ирилери БУУнун колдоосу менен түзүлгөн өкмөттүн жана Хафтар жетектеген куралдуу топтун айланасында топтолгон.
Триполи үчүн салгылашта апрель айынан бери эле 500дөн ашык адам ажал тапты, 75 миңдей киши үй-жайын таштай качты.