Британиянын тышкы иштер министри Жереми Хант Лондон Тегеран менен түзүлгөн өзөктүк макулдашуудан баш тартышы ыктымал экенин айтты. Документке ылайык, Иран өзөктүк программасынан баш тартканы үчүн Британия бул өлкө менен соода-сатык алака-катышты жандандыруу каралган эле.
Хант - Британиядагы премьер-министрлик кызматка башкы талапкерлердин бири. Анын эскертүүсү Иран бийлигинин байытылган урандын көлөмүн көбөйтүү тууралуу билдирүүсүнө жооп болду.
Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Тегеранды «от менен ойноп жатат» деп зекиди.
Дүйшөмбүдө Иранда төмөн байытылган урандын запасы 2015-жылдагы эл аралык келишимде каралган 300 килограммдык лимиттен ашып кеткенин ИРНА агенттиги жазып чыккан. Кабарда Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифке шилтеме берилген.
Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) бул маалыматты ырастап, Иран АКШнын эл аралык келишимден чыкканына жооп кайтарып жатканын билдирген. АКШ былтыр майда эл аралык келишимден чыгып кеткен жана Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.