Былтыр 436 киши ата-энелик укуктан ажыраган

Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылы сот тутуму ата-энелик укуктан ажыратууга байланыштуу 738 ишти караган. Анын алкагында 308 киши аталык, 128 киши энелик укуктан ажыраган. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, бул көрсөткүчтөр мурдагы жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсе көп. 2017-жылы 268 иш чечим чыгаруу менен каралган. 168 иш канааттандырылган. Алардын ичинен 115 адам аталык, 43 адам энелик укуктан ажыраган.

Ата-энелик укуктан ажырап калууга ичкилик, миграция, туруктуу айлык акынын жоктугу, жумушсуздук себеп болуп жатканы айтылат. (КЕ)