Анжиянда кыргызстандык жана өзбекстандык жаш футболчулар беттешти

Анжияндагы жаш футболчулардын беттеши. 2-июль, 2019-жыл.

Анжиян облусундагы Балдар жана өспүрүмдөр футбол мектебинин аянтчасында өткөн оюнда Өзбекстандын Анжиян жана Кыргызстандын Ош облусунан барган 12-13 жана 14-15 жаштагы футболчулар беттешти.

Анда Кыргызстандан барган командалар жеңишке жетишти. 12-13 жаштагылар арасындагы таймаш 3:1 эсебинде кыргызстандык оюнчулардын жеңиши менен аяктады. Ал эми 14-15 жаштагылар арасындагы оюнда кыргызстандык футболчулар атаандаштарын 2:0 эсебинде утуп алышты.

Оюн Кыргызстан менен Өзбекстандын жаш футболчуларынын «Достук кубогу» турниринин алкагында өтүүдө.

Бул турнирдин алкагында өткөн жумада Ош облусунун Ноокат районундагы «Кыргыз-Ата» футбол клубунун талаасында беттеш болгон. Ага эки облустун 12-13 жаштагы футболчуларынын курамалары беттешип, оюн 3:0 эсебинде кыргызстандык футболчулардын жеңиши менен аяктаган. (ZKo\MdN)