Баткен прокурорунун өлүмү боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө берип жатышат

Баткен облустук прокуратурасынын мурдагы кызматкери Алтынбек Кожоназаров сотто көрсөтмө берүүдө. Ош шаары. 1-июль, 2019-жыл.

Баткен прокурорунун өлүмү боюнча сотто күбөлөр көрсөтмө берүүсүн улантып жатышат. Ушул тапта Баткен облустук прокуратурасынын мурунку кызматкери Алтынбек Кожоназаров көрсөтмө берип жатат. Ал окуя болгон күнү мергенчиликтен кайткан учурда Мелис Калыков мас болгондуктан, «машине айдаба» деп каршы болгонун айтты. Кожоназаровдун айтымында, Калыков аны укпай, машинесин айдап кеткен.

Алтынбек Кожоназаров мергенчиликке чыккандардын ортосунда ич ара пикир келишпестиктер болбогонун айтты.

Мелис Калыковдун адвокаты Сартбай Жайчыбеков соттук-медициналык экспертизадан өткөн учурда Кожоназаровдун канынан алкогол чыкпаганын белгилеп, экспертизадан кеч өткөнүн белгиледи. Адвокат 19-ноябрда экспертизага алынган кан бир айдан кийин Оштогу соттук-медициналык экспертизадан өткөрүлгөнүн кошумчалады. Адвокаттын айтымында, окуя болгондун эртеси күнү Кожоназаровго таандык телефон бир күн мурда мергенчиликке чыккан тарапта пайдаланылганы аныкталган. Бирок бул маалыматты Кожоназаров четке какты. Ал бул күнү Баткенде семинарда отурганын айтты.

17-июнда болгон акыркы жараянда Баткен облустук прокурорунун мурдагы орун басары Арсланбек Байбосунов менен Баткен районунун мурунку прокурору Мирлан Калыбеков күбө катары көрсөтмө беришкен. Алар Анарбай Мамажакыпов өлөрдөн бир аз убакыт мурда аны менен тоого мергенчиликке чогуу чыгышкан.

Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон. Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында. (MdN\ZKo)