Бишкек мэриясына караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевскийдин жакындары 30-июнда бийликке ачык кайрылуу кабыл алышты.
Анын энеси Римма Петрушевская менен аялы Татьянанын видео кайрылуусу президент Сооронбай Жээнбековго, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Мелис Турганбаевге, акыйкатчы Токон Мамытовго багытталган. Анда алар Петрушевскийдин ден соолугу начар экенин, буга чейин бир нече операцияны баштан кечиргенин айтып, сотко чейин жашашы үчүн абактын ооруканасына которууну өтүнүшкөн.
Быйыл 6-июнда «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген негизде кармалган Алексей Петрушевский Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган. Бирок 27-июнда Бишкек шаардык соту аны кайра 6-августка чейин тергөө абагына которду. Актоочу тарап соттун чечимине макул эмес экенин билдирүүдө.
Мартта ал кызматынан бошотулган. Анын алдында мэрияда атайын түзүлгөн комиссия Петрушевский жетектеген борбордо «тарбиялангандар аз, аларга бюджеттен бөлүнгөн акча бекер эле коромжу болуп жатат» деген негизде имаратты бала бакчага айлантуу боюнча демилге көтөргөн. Петрушевский «бул жерде жеке кызыкчылыктар бар» деген оюн билдирип жүрөт.
Кароосуз калган балдар тарбияланган борбордо азыр 21 бала жашайт. Мекемеге мэриянын бюджетинен жыл сайын 13 миллион сом бөлүнөт. (NT)