Ооганстан: Тынчтык сүйлөшүүсү кан төгүү менен коштолду

Баглан провинциясында талибдердин чабуулунан жабыркагандар. 29-июнь, 2019-жыл.

АКШнын Ооганстандагы чабарманы Залмай Халилзад менен «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү 29-30-июнда Катарда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Сүйлөшүүлөрдүн бул жетинчи айлампасы «чечүүчү» экенин талибдердин өкүлү Сухаил Шахин билдирди.

Анда тараптар Ооганстандан чет өлкөлүк аскерлерди чыгарып кетүүнүн мөөнөтүн бекитүүгө, ошондой эле талибдердин чабуулду токтотууга кепилдик беришине көңүл бөлүшөрү күтүлгөн.

«Талибан» кыймылы дээрлик 18 жылдан бери Ооганстандагы эл аралык коомчулук тааныган өкмөткө каршы согушуп келет.

Жолугушуулар жүрүп жаткан учурда, 29-июнда «Талибан» Ооганстандын Кандагар, Фарах, Баглан вилаеттеринде өкмөттүк кызматкерлерди бутага алган чабуул уюштурганы, анда ондогон адамдар өлгөнү, жарадар болгону кабарланды.

Талибдер ооган өкмөтүн «Американын тактекеси» деп теңсинбей, Вашингтондун өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп келатышат.

25-июнда күтүүсүз Кабулга барган АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео «1-сентябрга чейин» талибдер менен тынчтык келишимине жетишүүгө үмүт артып турганын билдирген.