Аида Салянова ооруканадан тергөө абагына которулду

Мурдагы баш прокурор Аида Салянованы ооруканадан №1 тергөө абагына алып кетишти. Бул тууралуу “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү Асия Сасыкбаева "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Маалыматты Жаза аткаруу кызматынан ырасташты.

Аида Салянова 15-июнда саламаттыгына байланыштуу Бишкектеги №1 тергөө абагынан Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулган.

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган. Эки күндөн кийин Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 26-июнга чейин Бишкектеги №1 тергөө абагында камоо тууралуу чечим чыгарган.

21-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын карап, аны канааттандырган эмес. Мурдагы депутатты 26-августка чейин камакта калтырган. (Bch/BTo)