Ошто мыйзамсыз курал алып жүргөн киши кармалды

Шектүүнүн жанынан табылган тапанча жана башка нерселер. (Сүрөт Ош ОИИБге таандык)

Кара-Суу районунун 25 жаштагы тургуну бир даана магазини менен тапанчаны мыйзамсыз алып жүргөн жеринен кармалды.

Аны 28-июнь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев “Азаттыкка” билдирди.

Бул факт Ош ОИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-баллистикалык экспертизанын берген корутундусуна ылайык, шектүүнүн жанынан чыккан, бир даана “Байкал-442” үлгүсүндөгү, 9мм. калибрдеги эч кандай жеке номери жок, ок атуучу курал, ок атууга жана колдонууга жарактуу болгондугу аныкталган. Бул иш Жаза кодексинин 253-берене (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүргүртүү) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. (MdN)