Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкы 28-июнда жарыялаган баяндамада айтылат. Өзбекстанга жарандары которгон акчанын көлөмү боюнча алдыңкы үч орунда АКШ, Түркия жана Түштүк Корея мамлекеттери турат. Быйылкы жылдын биринчи кварталында Сеулдан Ташкентке 34,4 млн. доллар которулган. Бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда 57% көп.
Түштүк Кореяда иштеген өзбекстандыктардын саны жылдан жылга өсүп жатат. Расмий маалыматтарга караганда, 2017-жылы Түштүк Кореяда мыйзамдуу иштеген өзбек мигранттардын саны 63 миңге жакын болсо, быйыл мартта Сеул өзбекстандыктарга атайын келишимдин алкагында жумуш санынын квотасын 3200гө чейин көбөйткөн. Орусиядан 805,3 млн. доллар которулса, Кыргызстандан Өзбекстанга быйыл 5,5 млн. доллар которулган.