Европа Биримдигинин кеңеши Орусияга карата экономикалык санкцияларын 2020-жылдын 31-январына чейин узартты. Кеңештин коммюникесинде (эл аралык документ) Германиянын канцлери Ангела Меркел менен Франциянын президенти Эммануэл Макрон 20-21-июнда Минск келишиминин аткарылышы боюнча сунуштаган маалыматтын алкагында биримдиктин жетекчилери бир добуштан ушундай чечимге келгени белгиленген.
“Биримдик 2015-жылы мартта санкциянын мөөнөтүн Минск келишимине байланыштырган чечим чыгарган. Башында жылыш болбоду деген негизде санкциялар күчүндө калтырылган”, - деп билдирет Евробиримдик.
Биримдиктин чектөө чаралары 2014-жылы Крым жарым аралы аннексиялангандан кийин Орусиянын банк, энергетика жана коргоо тармагына каршы киргизилген.
Кремл буга контрсанкциялар менен жооп кайтарган. Ушул дүйшөмбүдө Владимир Путин санкциянын мөөнөтүн 2020-жылдын 31-декабрына чейин узарткан.