Атамбаевдин тарапкерлери парламенттин чечимин «бийликке жагынуу» деп баалап жатышат

Кой-Таш. 22-июнь, 2019-жыл.

Атамбаевдин тарапкерлери парламенттин аны кол тийбестиктен ажыратуу боюнча чечимин бийликке жагынуу аракети катары баалап жатышат. Мындай пикирин өзүн Кубанычбек Эсенов деп тааныштырган адам билдирди.

Ал 2010-жылы ошол кездеги бийликке каршы митингге катышканын, Жогорку Кеңештин бүгүнкү чечими адилетсиз болгонун айтты.

- Силер Атамбаевге каршы добуш берүүнү ачык кылып, «мына, мен добуш бердим» деп көрүнгөнгө аракет кылып жатасыңар, - деди ал.

Жогорку Кеңеш 27-июндагы жалпы жыйынында Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратууну колдоду. Ага депутаттардын 103ү макул болуп, алтоо каршы добуш беришти.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, Атамбаев мамлекетти башкарып турган учурда ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды айтты. (GT)