Орозова экс-президентке коюлган айыптан күмөн санады (видео)

Карамат Орозова.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова башкы прокурор экс-президенттин дарегине айткан айыптоолордон күмөн санап жатканын билдирди.

27-июндагы жалпы жыйында депутат башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылып: «Убагы келип бийлик алмашканда азыркы дооматтарыңызды далилдей аласызбы?» - деп суроо узатты.

Жамшитов иликтөөнүн баарын мыйзам чегинде жасап жатканын айтты.

Жогорку Кеңеш Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратуу маселесин карап жатат. Депутаттарга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов баяндама жасап, экс-президент ыйгарым укуктарынан аша чапканы жөнүндө маалыматтарды берди.

Атамбаевди жоопко тартыш үчүн аны кол тийбестик макамынан ажыратуу маселесин караган комиссия 13-июнда түзүлүп, бир жумага жетпеген аралыкта корутунду чыгарды. Аны 20-июнда парламент жактырып, Башкы прокуратурага жиберген.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын айрым депутаттары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестигине байланыштуу парламенттин токтомун жокко чыгарууну өтүнүп Конституциялык палатага кайрылышты.

Башкы прокуратура экс-президент Алмазбек Атамбаевге коюлган дооматтардын басымдуу бөлүгүн негиздүү деп тапкан.