Таэквондо боюнча Азия чемпионатына минден ашуун спортчу катышууда (видео)

Ысык-Көлдө таэквондо ITF боюнча Азия чемпионатына жана Азия кубогуна 16 мамлекеттен миңден ашуун спортчу катышууда. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулар кабарлашты.

Ушул тапта Чолпон-Атадагы дене тарбия жана саламаттыкты чыңдоо комплексинде таймаштын ачылыш аземи өтүп жатат.

Кыргызстандын таэквондо ITF бирикмесинин башчысы Эдуард Хегай билдиргендей, таймаштарга Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттерден тышкары Бразилия, Аргентина, Британия, Италия жана АКШдан да спортчулар менен калыстар келди.

Калыстарга «Good Lake» пансионатында семинар да уюштурулат. Окуудан өткөндөр дүйнө чемпиондугунда таймаштарды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн алат.

Ысык-Көлдө 26-июнда башталган Азия чемпионаты 30-июнда аяктайт.

Таймаштын ачылыш аземин төмөнкү шилтемеде көрүңүз: