Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов Өмүрбек Текебаевдин соттолушуна далилдер болгон деп эсептейт. Мындай пикирин бүгүн 26-июнда ал Кой-Ташта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди:
- Бул факт боюнча көп киши сүйлөгөн. Мурдагы депутат Өмүрбек Абдрахманов пара алуу фактысы болгонун айткан. Күбөлөр болгон.
Ниязов - мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин санаалашы.
Бул күндөрү парламентте Атамбаевди кол тийбестик макамдан ажыратып, жоопко тартуу аракети көрүлүп жатат.
Анын Кой-Таштагы үйүнө тарапкерлери чогулууда.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген.
Муну Текебаев Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук деп атап келет. (TSh)