Мурдагы атайын прокурор Мюллер Конгрессте көрсөтмө берет

Роберт Мюллер.

Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсү болгон-болбогонун териштирген Роберт Мюллер Өкүлдөр палатасынын Сот жана чалгын иштери боюнча комитетиндеги угууда көрсөтмө берет. Угуу ачык өтөт.

Комитеттин өкүлдөрү мурдагы атайын прокурор Мюллер жыйынга расмий чакыруу алгандан кийин көрсөтмө берүүгө даяр экенин айткан.

«Америкалыктар атайын прокурор келип, анын командасы орусиялыктардын биздин демократияга койгон чабуулдарына байланыштуу эмнелерди иликтеп, аныктаганын түшүндүрүп беришин талап кылууда», - деп айтылат билдирүүдө.

Атайын прокурордун эки ай мурда жарыяланган отчетунда Орусиянын АКШнын шайлоо процессине кийлигишүүсү боюнча көптөгөн маалыматтар берилген. Бирок иликтөөнүн натыйжасында президент Дональд Трамптын айланасындагы адамдар орус бийлиги менен жең ичинен сүйлөшкөнүн ырастаган далилдер табылган эмес. Ошол эле маалда атайын прокурор Мюллер Трамп иликтөөгө тоскоолдук кылышы мүмкүн деген тыянак чыгаруудан баш тартты.

Дональд Трампты сындаган демократтар президент сот акыйкаттыгына бут тосконун, мыйзамды бузганын айтып жатышат. Алар мурдагы атайын прокурор бул көз карашты тастыктайт деп ишенип турушат.

Роберт Мюллер өз ыктыяры менен угууларга келүүнү каалаган эмес. Ал өз жоопторунда отчетто айтылган корутундунун алкагынан чыкпай турганын эскертти.