Абактагы саясатчылар кыйноо тууралуу даттанган жок

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын абакта отурган саясатчылары кыйноого кабылганы боюнча факт же арыз каттала элек.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов билдирди:

- Саясатчылардын жагдайы дайыма көзөмөлдө, анткени алар коомчулуктун да, укук коргоочулардын да көңүл чордонунда. Баарына эле барып, кабар алып жатабыз. Эч кимиси кыйноо же катаал мамиле боюнча арызданган жок.

Учурда Өмүрбек Текебаев, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Аида Салянова, Садыр Жапаров жана башка жоон топ саясатчылар, мурдагы аткаминерлер түрдүү айыптар менен камакта отурат. Алардын тарапкерлери түрмөдө психологиялык басым, жакындары менен жолуктурбоо өңдүү учурлар бар экенин айтып жүрүшөт.

26-июнь - Кыйноо курмандыктарын колдоонун эл аралык күнү.