Мьянма мусулман рохинжаларды Интернетсиз калтырды

Бангладешке келген рохинжа качкындары. 29-апрель, 2018-жыл.

Мьянма бийлиги бир миллиондон ашык мусулман рохинжа жашаган Ракхайн штатында Интернетти чектеп койду.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, чектөө 21-июнда башталган. Алар муну жарандардын маалыматты эркин алуу укугун бузуу катары баалап жатышат.

Мьянманын Байланыш министрлиги «аймакта тынчтык жана тартип орногондо гана Интернет болоорун» билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) мусулман рохинжалардын Интернетин чектөө «адам укуктарын орой бузуу» фактыларын жаап-жашыруу аракети болушу мүмкүн экенин билдирди.


Бир катар медиа каражаттары Интернетти чектөө тууралуу чечимди өкмөт башчысы, Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи кабыл алганын жазды.

Аталган аймакта тургундар узак убактан бери эле өкмөттүк күчтөр менен кагылышып келет. Куугунтуктун айынан соңку эки жылдын ичинде штаттан 750 миңден ашык адам коңшу Бангладештен башкалка издеп кетти. БУУ мындай зордук-зомбулукту "тукум курут" катары баалаган.

Өлкөнүн буддист бийлиги болсо «тукум курут саясатын жүргүзгөн» деген дооматтардын баарын четке кагып, согушкерлер жайкын адамдарга, коопсуздук күчтөрүнө кол салышканын билдирип жүрөт.