«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун кароо күзгө калды

Жумуш издеген жарандар. Жалал-Абад шаары.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети «Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоону күзгө калтырды. Мыйзам долбоору 24-июнда комитет жыйынынын күн тартибине кирген. Мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөргөн депутаттардын бири, вице-спикер Мирлан Бакировдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, долбоор бардык тараптардын сунуштарын жакшылап карап чыгыш үчүн күзгө жылдырылды.

- Бул тармакта реформа керек, - деди ал. - Кесиптик бирикмелердин өкүлдөрү деле жаңыланууну, өзгөрүүнү каалайт. Бирок сунуштарды биргелешип карап, кайчы пикирлер болбогондой кылып талкуулап, кийин алып чыгабыз.

«Кесиптик кошуундар жөнүндө» мыйзам долбоорун парламенттин бир катар депутаттарынан турган топ иштеп чыккан. Документ 10-июнда тармактык комитетте биринчи окууда өткөн.

Буга чейин Кыргызстандагы кесиптик кошуундар мыйзам долбоору алардын укуктарын чектейт деген негизде аны чакыртып алууну талап кылып нааразылык акциясын өткөрүшкөн. (КЕ)