Орусиянын президенти Владимир Путин Евробиримдикке киргизилген санкцияларды узартуу жөнүндө жарлыкка кол койду. Биримдиктеги өлкөлөрдөн азык-түлүк ташууга кийинки жылдын аягына чейин тыюу салынды. Путин кол койгон жарлыкта бул «өлкөнүн коопсуздугу үчүн жасалганы» белгиленген.
2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин Батыш өлкөлөрү Москвага чектөөлөрдү киргизген. Кремль буга контрсанкциялар менен жооп кайтарган. Орус бийлиги дүкөн текчелериндеги «санкцияга илинген» тамак-ашты коомчулук алдында жок кылып же чек арада конфискация кылган.
Төрт жыл аралыгында трактор алдына же мешке ондогон тонна азык-түлүк жөнөтүлдү. Акыркы айларда тамак-аштын «кара тизмесин» кеңейтүү жөнүндө чакырыктар жаңырууда.