Грузия: нааразылыктын төртүнчү күнү

Тбилисиде нааразылык акциялары 20-июнда башталган. Буга Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Сергей Гавриловго байланышкан окуя себеп болгон. Гаврилов Грузияга Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясына төрагалык кылыш үчүн барган. Нааразылыкка чыккан грузиндер жыйын учурунда Гаврилов төраганын креслосуна отурушун «Грузияны сыйлабастык» катары баалашкан. Орус депутаты 20-июнда Православ өлкөлөрүнүн парламент аралык ассамблеясынын жыйынын парламент төрагасынын ордуна отуруп ачкан.

Грузиндер Гавриловду орус президенти Владимир Путиндин өнөктөшү катары көрүшөт. Алар аны жикчил Түштүк Осетия менен Абхазия боюнча Орусиянын саясатын колдойт деп сындап жатышат.

Демонстранттар Грузиянын ички иштер министри Георгий Гахариянын кызматтан кетишин жана шайлоо реформасын талап кылышууда. Бул окуядан улам парламенттин төрагасы Ираклий Кобахидзе кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

20-июнда Тбилисиде полиция менен демонстранттардын кагылышуусунан 200дөн ашуун адам түрдүү жараат алды, алардын 80и күч кызматкери экени айтылууда.

Тбилисиде миңдеген адамдар 20-июнь күнү өткөн нааразылык акциясында күч колдонгондорду жазалоону жана иштен алууну талап кылып чыгышты. Жекшембидеги акция саат 19га жакын Руставели проспектисинде, парламент имаратынын алдында башталды. Айрым катышуучулар Орусияны, анын президенти Владимир Путинди айыптаган баннерлерди көтөрүп чыгышты.