АКШнын президенти Дональд Трамп 23-июнда баштала турган мыйзамсыз жүргөн мигранттарды кармоо жана аларды депортациялоо жараяны эки жумага жылдыргылганын маалымдады.
Трамп мындай кадамга демократтардын өтүнүчүнөн улам барганын айтты. Президент эгер Конгресстеги эки партия түштүк чек арадагы кризистик кырдаалдан чыгуунун жолун таппаса, эки аптадан кийин план ишке ашарын эскертти.
Президенттин администрациясы муну менен кошо Борбор Азиядан келген миранттарга башпаанек берүүнүн шарттарын татаалдаштыруу жана аларды өлкөдөн чыгаруу эрежелерин жөнөкөйлөштүрүү боюнча демократтардан уруксат алуу аракетинде. Демократтар муну «адамкерчиликсиз» деп атап, талаптарды четке кагып келет.
Кийинки аптада Конгресстин эки палатасында тең атайын жайларда кармалган мигранттардын жашоо шартын жакшыртыш үчүн төрт жарым миллиард доллар бөлүү боюнча резолюция кабыл алуу пландалган.
Эгемендик майрамына байланыштуу Конгрессте иш үзгүлтүккө учурап, резолюция иштеп чыгууга убакыт жетпей калышы мүмкүн деген кооптонуулар бар.
Май айында Мексика чек арасынан АКШга кирүүгө укугу жок 129 миң мигрант кармалган.