«Ош деми 2019» аттуу жарыш болуп өттү

«Ош деми 2019» марафону башталган учур. Ош шаары. 23-июнь, 2019-жыл.

23-июнда Ош шаарында кыска аралыкка чуркоо боюнча «Ош деми 2019» деп аталган жарыш болуп өттү. Ага калаанын тургундарынан сырткары, коңшу облустардан жана борбордон келген 600гө чукул киши катышты. Жарышта жөө күлүктөр 3 чакырымдан 10 чакырымга чейин чуркашты. Арасында кесипкөй жөө күлүктөрдөн тартып алгачкы жолу катышып жаткан күйөрмандар да бар.

Иш-чарага чоң кишилерден сырткары 10 жашка чейинки бөбөктөр да катышты. Алар 200 метр аралыкта жарышты.

Жарыш шаардын так ортосунда жайгашкан борбордук аянттан башталып, студенттер шаарчасына жетип, кайра аянтка келүү менен аяктады. Буга байланыштуу жөө күлүктөр жүргөн көчөлөрдө жол кыймылы токтотулуп, коопсуздукка патрулдук милиция кызматкерлери көз салып турушту.

Аягында аялдар жана эркектер арасында жаш курагына карай алдыда келген күлүктөр акчалай сыйлык, ардак грамота менен сыйланышты.

Иш-чара оюн-зоок программасы менен коштолду. Марага жеткен бардык катышуучуларга медаль ыйгарылды.

Жарышты «Тонус» коомдук фонду уюштурду. Массалык чуркоо иш-чарасы Ош шаарында алгачкы жолу болуп өттү. (ZKo)