Финпол: Чет жактан Матраимовго катталган мүлк тапкан жокпуз

Райымбек Матраимов.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) чет өлкөлөрдөн Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго катталган мүлк таба алган жок. Бул тууралуу «Азаттыкка» Финполициянын башчысы Бакир Таиров билдирди:

- Чет өлкөдөн мүлкү табылган жок. Тиешелүү кызмат бар. Биз ошого жөнөтөбүз, алар жообун айтат. Азыр тергөөнүн купуялыгы деген бар. Тергөө бүткөндөн кийин баарын коомчулукка ачык жарыялайбыз.

2018-жылдын декабрында жыл жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Райымбек Матраимов жана анын байлыгы тууралуу фактылар териштирилерине убада берген.

Иликтөөнү Финансы полициясы жүргүзүүдө.

Быйыл 29-майда «Азаттык» радиосу «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» деген көрсөтүүсүндө Матраимовдун жакындарына катталган мүлк тууралуу сөз кылган. (MTo)