Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун ишинин 2018-жылга жана 2019-жылдын беш айына карата жыйынтыгы каралган кеңешме өткөрдү.
Жыйында көпчүлүк мамлекеттик менчик объекттеринин өзүн актоо көрсөткүчү төмөн бойдон калып, таза кирешенин суммасы кыскарып жатканы айтылды.
Өкмөттүн аппаратынан билдиришкендей, бул «Альфа Телеком», «ТНК «Дастан», «Ишкерликти өнүктүрүү фонду», «Нарын ГЭС», «Найман ГЭС» акционердик коомдору сыяктуу жана башка бир катар ишканаларга тийиштүү. «Бишкек машина куруу заводу» жана «Кепилдик фонду» ачык акционердик коомдору сыяктуу компаниялардын сарптоо пландары 206,08% жана 162,38% көбөйгөн.
Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн максаты алардын рентабелдүүлүгүн арттыруу экенин кеңешмеде билдирди. Быйыл мамлекеттик менчикти башкаруунун жаңы механизмдерин киргизерин жана ага жогорку класстагы менежерлерди тартарын кошумчалады.
«Тилекке каршы, мамлекеттик менчикти башкаруу кырдаалы өлкө экономикасынын кызыкчылыктарына жооп бербейт. 106 мамлекеттик ишкананын 51и рентабелдүү эмес. 52 акционердик коомдун ичинен 22 компания киреше алып келбейт. Биз ар бир объекттин ишин карап чыгышыбыз керек. Бюджетке жана экономикага пайда алып келбеген бардык мамлекеттик ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү зарыл. Ошондо гана чыгашалуу ишканалардын киреше табышына, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө, салыктарды төлөөгө жетишүүгө болот. Тилекке каршы, учурда мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин бири дагы конкреттүү өнүктүрүү чараларын иштеп чыккан эмес, демилге көтөрбөй жатышат», - деди премьер-министр.
Буга байланыштуу премьер-министр Экономика министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго бир айлык мөөнөттө тиешелүү механизмдерди иштеп чыгуу менен ишенимдүү башкарууга бериле турган мамлекеттик менчиктеги объекттердин тизмесин даярдоону тапшырды. (ErN)