Трамп: Ирандын америкалык дронду атып түшүргөнү - өтө чоң жаңылыштык

Дональд Трамп.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын америкалык учкучсуз аскердик учакты атып түшүргөнүн «өтө чоң жаңылыштык» деп атады.

Трамптын «Твиттердеги» баракчасындагы мындай билдирүүсү ансыз деле курчуп турган эки мамлекеттин мамилеси согуштук чатакка чейин жетиши мүмкүн деген кооптонууну күчөтүп жатат.

Ирандын Ислам революциясынын сакчылары корпусу учкучсуз учак 20-июнда өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн билдирген. Тегеран учак тыңчылык кылганын жана Ирандын аба чек арасын бузганын маалымдаган. Мамлекеттик телеканалдар бул «RQ-4 Global Hawk» үлгүсүндөгү аппарат экенин жарыялаган.

АКШнын Борбордук командачылыгы Тегеран америкалык пилотсуз учакты атып түшүргөнүн ырастап, бирок окуя Ирандын аймагында эмес, Ормуз кысыгында болгонун айтууда.

Ирандын Тышкы иштер министрлиги кескин билдирүү таратып, АКШны «өлкөнүн аба мейкиндигине бастырып кирди» деп айыптады.

Ал арада Йемендеги Иран колдогон хусит козголоңчулары алар Сауд Арабиясынын Жизан провинциясынын Аль-Шукайк шаарындагы электр станциясында ракетаны атканын кабарлашты.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс президент Дональд Трамп Саудиядагы ракеталык чабуул тууралуу кабардар экенин, кырдаалды көзөмөлдөп жатканын билдирди.

Ушул тушта Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы жаңжал курчуп турат. Буга чейин АКШ Иранды Оман булуңунда мунай ташыган танкерлерге коюлган чабуул үчүн айыптап, Жакынкы Чыгышка миңдей аскер жөнөтөрүн билдирген.

13-июнда Оман булуңунда эки мунай танкерине чабуул коюлган. Тегеран өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагып келет.