ЖМК: АКШ Иран пилотсуз учагын атып түшүргөнүн бышыктады

АКШ менен Ирандын президенттери.

АКШдагы бир катар маалымат каражаттары Вашингтондогу атын атабаган бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып Ирандын зениттик ракетасы Ормуз кысыгынын үстүндө эл аралык (бейтарап) аба майданында учуп бараткан америкалык дронду атып түшүргөнүн жазып чыгышты.

Мунун алдында Ирандагы Ислам революциясынын сакчылары корпусу дрон өлкөнүн түштүгүндөгү Хормозган провинциясында атып түшүрүлгөнүн, тыңчылык кылган пилотсуз учак Ирандын аба чек арасын бузганын маалымдаган. Мамлекеттик телеканалдар бул «RQ-4 Global Hawk» үлгүсүндөгү аппарат экенин жарыялаган.

Ушул тушта эки өлкөнүн ортосундагы жаңжал курчуп турат. Буга чейин АКШ Иранды Оман булуңунда мунай ташыган танкерлерге коюлган чабуул үчүн айыптап, Жакынкы Чыгышка миңдей аскер жөнөтөрүн билдирген.

13-июнда Оман булуңунда эки мунай танкерине чабуул коюлган. Тегеран өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.