Кочкор районуна Усубалиевдин атын коюу жөнүндө сунуш түштү (видео)

Турдакун Усубалиев.

Кочкор районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө сунуш айтылды. Бул туурасында бүгүн, 20-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сүйлөп жатып депутат Пархат Тулендыбаев маселе көтөрдү:

- Борбор шаарыбыздагы бир жогорку окуу жайына жана Кочкор районуна Турдакун Усубалиевдин ысымын ыйгаруу боюнча сунушту уюштуруу комитетине киргизем.

Буга чейин парламент трибунасынан Усубалиевдин аты менен Нарын шаарындагы Ленин көчөсүн атоо жөнүндө сунуш айтылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка быйыл 4-февралда кол койгон.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Нарындын Кочкор кыштагында төрөлгөн. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы бологон. Кыргыз Республикасынын Баатыры, «Ак шумкар» өзгөчө белгисинин, «Манас», «Ленин», «Эмгек кызыл туу» жана башка ордендерин алган. Ал 2015-жылы 95 жаш курагында дүйнө салган. (RK)