УЕФАнын мурдагы төрагасы коррупция боюнча сурак берди

Мишел Платини.

УЕФАнын мурдагы төрагасы Мишел Платини бир канча саатка созулган сурактан кийин кое берилди. Ал 18-июнда 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтө турган мамлекетти тандоо жараянындагы коррупцияга байланыштуу камакка алынган.

Платининин адвокаты ага эч кандай айып коюлбаганын билдирип, «бул окуя жөнү жок жерден эле ызы-чуу менен коштолуп кетти» деди.

2010-жылдын соңунда ФИФАнын аткаруу комитети өткөргөн добуш берүүнүн жыйынтыгында чемпионатты өткөрүү укугу Катар мамлекетине тийген. 2018-жылкы мундиаль Орусияда өтөрү маалым болгон. Бул тандоодон кийин бир катар маалымат каражаттары чечим паракорлуктун негизинде кабыл алынышы мүмкүн деп шек санап, бул боюнча өз иликтөөлөрүн жарыялай башташкан.

2015-жылы ФИФАнын этика боюнча комитети коррупцияга байланыштуу чуулгандуу иштерди иликтеп чыккандан кийин Платини менен кошо ФИФАнын ошо кездеги президенти Зепп Блаттерди футбол ишмердүүлүгүнөн сегиз жылга четтеткен болчу.