Баткенде кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Бул тууралуу бүгүн 19-июнда Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, 18-июнда тажик тарап Кыргызстан менен макулдашпай туруп Баткен районунун Таш-Тумшук айылындагы тактала элек тилкедеги Исфара-Аксай-Ворух орток автожолуна асфальт төшөй баштаган.
«Тажикстандын жарандары орток жолду саат 20:00дөн 21:20га чейин мыйзамсыз жаап турушту. Чек арачылардын жолду ачуу жөнүндө талабына баш ийбей, бир аз чатак чыгарышты. Тиешелүү өкүлдөр менен сүйлөшүү өткөрүлгөндөн кийин жолдогу иштер токтотулду» деп билдирди Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы.
Сүйлөшүүлөр бүгүн да уланууда.
Тажик тарап жол куруу иштери Тажикстандын гана аймагында жүрүп жатканын билдирүүдө.
Коңшу республиканын Согди облусунун башчысы Ражаббой Ахмадзода «Азаттык» радиосунун тажик кызматына «Ворух-Исфара жолун реконструкциялоо иши бир да мүнөт токтобогонун, кыргыз тараптан эч кандай тоскоолдук болбогонун» билдирди.
Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш аймактарында эки өлкөнүн тургундары жол, жер талашып буга чейин да бир канча ирет чатакташкан. Мындай чатактарда адам өмүрү кыйылган учурлар да болгон. (RK)