Эсеп палатасы: Тыштан келген 637 миллион сомдун дайыны белгисиз болууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда тыштан келген каржылык жардамды пайдалануу жагында гана эмес, ошол каражаттарды эсепке алуу боюнча да мыйзам бузулган учурлар бар.

Бул тууралуу бүгүн 19-июнда Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов билдирди. Мариповдун айтымында, бул багытта көзөмөл күчөтүлдү.

- Өзгөчө тыштан келген насыя, гранттар боюнча биз бардык аналитикалык материалдарды берип жатабыз, - деди ал. - Эң чоң көлөмдөгү каражат транспорт жаатына, андан кийин энергетика тармагына кетип жатат. Келген насыялардын пайдаланылышы гана эмес, эсеби боюнча да бизде маалыматтар бар. Былтыр тышкы карыздан 637 миллион сом такталбаган сандар аныкталган Финансы министрлигинде.

Эсеп палатасынын жетекчиси бул боюнча өкмөт башчыга кээ бир кызматкерлерди иштен алуу жөнүндө сунуш киргизилгенин, бирок өкмөттөгүлөр «сөгүш жарыялоо менен гана чектелишкенин» айтты.

Бүгүн Жогорку Кеӊеш Эсеп палатасынын иши жөнүндө отчетту угуп жатат. (RK)